Бостеридеги борбордук пляж жаңыланат. Иш 10 күндүн ичинде башталат
Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы борбордук пляж оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңыланат. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймакты заманбап эс алуучу жайга айлантуу үчүн 35 млн сом сарпталмакчы.
Долбоорду ишке ашыра турчу КРнын министрлер кабинетине караштуу Мрхитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы”Кыргыз курулуш” мамлекеттик ишканасы объект менен жеринен таанышты.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 10 күндүн ичинде курулуш иштери баштоо чечими кабыл алынды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
