
Алматыда Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды бириктирген Евразиялык жарандык авиация конференциясынын (EACAC) биринчи жыйыны өттү. EACAC түзүүнүн максаты – аймактын өлкөлөрүнүн авиациялык бийликтеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, учуу коопсуздугун жогорулатуу, процедураларды жөнөкөйлөтүү жана авиация рыногун өнүктүрүү.
Казакстан ЕАСАСты түзүү демилгесинде негизги ролду ойногон. Уюмдун башкы катчысы болуп Казакстан Республикасынын транспорт министринин орун басары Талгат Ластаев шайланды. Ал белгилегендей, EACAC катышуучу өлкөлөрдүн авиациялык бийликтерине натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө, тажрыйба жана билим алмашууга, ошондой эле эл аралык аренада бирдиктүү позицияны өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Жыйындын катышуучулары ЕАСАС түзүү жөнүндө декларацияга кол коюшту жана уюмдун ишинин негизги багыттарын бекитишти. Алардын арасында: аймактык кызматташтыкты чыңдоо, бирдиктүү саясаттарды жана процедураларды иштеп чыгуу, учуу коопсуздугун жогорулатуу, формалдуулукту жөнөкөйлөтүү жана учкучсуз учактарды өнүктүрүү.
Сүрөт: Минтранспорта РК
