Астанада Казакстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Акан Рахметуллин менен БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын жардамчысы Рувендрини Меникдивела жолугушту. Жолугушууда качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери, ошондой эле аймактагы гуманитардык жардамдар талкууланды.

Акан Рахметуллин Казакстанда качкындарды коргоо жана ички жер которгондор менен жарандыгы жок адамдарды колдоо чаралары чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын өнүгүшүнө токтолду. Анын айтымында, Казакстан бул жаатта укуктук жана гуманитардык демилгелерди жакшыртууну улантууда.
Рувендрини Меникдивела Казакстандын жарандыгы жокторду кыскартуудагы жетишкендиктерин жогору баалап, жарандыгы жок адамдарды документтештирүүгө багытталган эки улуттук #IBelong кампаниясынын ийгиликтүү болгонун белгиледи. Ал Казакстанга бул маанилүү ишти өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Казакстан менен БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын Башкармалыгынын ортосунда качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын шарттарын жана укуктук коргоосун жакшыртууга багытталган тыгыз кызматташууну улантуу ниетин ырасташты.
Сүрөт: МИД РК
