Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 453 млрд сомду түздү - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 453 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-октябрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 453 миллиард сомдун ашыгын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу тазаланган мунай продуктуларынын (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (32,0 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарынын (22,0 пайызга), фармацевтикалык продукциянын (16,6 пайызга), текстиль өндүрүшүндө жана кийим-кече өндүрүшүндө (14,0 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарынын (9,3 пайызга), ошондой эле өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 5,3 пайызга көбөйдү.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 35,3 пайызды, дүң жана чекене соода – 19,0 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 6,1 пайызды түздү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: