Маданият министри Россиядагы белгилүү шоуга катышып жаткан Бегимай Турусбекованы кабыл алды - ИА Караван Инфо
Маданият министри Россиядагы белгилүү шоуга катышып жаткан Бегимай Турусбекованы кабыл алды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов “Пятница” телеканалындагы популярдуу “Царица” вокалдык шоуга катышып жаткан таланттуу ырчы Бегимай Турусбекова менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууга ошондой эле телеканалдын тартуу тобунун өкүлдөрү дагы катышты.

Алтынбек Максутов Бегимайга эл аралык аренада ийгилик жараткандыгы менен куттуктап, Кыргызстанды таанытып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Министр улуттук өнөрдү жайылтуу жана Кыргызстандык жаштарды шыктандыруу үчүн мындай чыгармалардын маанилүү экендигин баса белгиледи.

Бегимай Турусбекова министрликке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорго катышуу тажрыйбасын жана көп сандаган аудиториянын алдында кыргызстандын атын чыгарып жатканынынын маанилүүгүн белгиледи.

Ал эми “Пятница” телеканалынын тартуу тобунун өкүлдөрү министрге жылуу кабыл алып жана долбоорго көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстандын маданияты көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жаратарын белгилешти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: