Каттамдар өзгөрөт. Бишкекте №8 троллейбустун ордуна автобус жүрөт - ИА Караван Инфо
Каттамдар өзгөрөт. Бишкекте №8 троллейбустун ордуна автобус жүрөт

Бишкек шаарында, эртең, 13-ноябрдан тарта мурдагы №8 троллейбустун ордуна ушул эле номердеги автобус жүрө баштайт.

Ошондой эле айрым автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөртүлдү.

Маселен, №146, №104 муниципалдык автобус каттамдарынын акыркы аялдамасы Алма-Ата көч., 1/1 дарегиндеги “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин узартылды.

Ал эми №40 муниципалдык автобус каттамы Чүй проспектиси менен Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин келип, Жибек-Жолуна түшүп, андан ары буга чейинки кыймыл чиймеси менен каттайт.

Өзгөртүлгөн кыймыл чиймелер төмөндө берилди:

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: