КР Соода-өнөр жай палатасынын, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын, Ат-Башы бизнес-ассоциациясынын уюшуруусунда Ат-Башы районундагы туристтик сезондун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча тегерек стол болуп өттү
Жыйынга КР СӨП мүчөлөрү, Кадамжай, Ноокат, Базар-Коргон, Айтматов жана Жети-Өгүз райондорунун акимдери, орун басарлары катышышты. 2023-жылы районго 14 миң туристтер келсе, быйылкы жылы 30 миңден ашкан. Келген туристтер дин 90 % Кел-Суу аймагын көргөнү келишкен. Жетишкендиктер, кемчиликтер айтылып, келечекке иш-пландар түзүлдү.
Ички туризмди өнүктүрүү келген райондордун өкүлдөрү менен сүйлөшүлдү. Алдыңкы туристтик компанияларды сыйлоо жүргүзүлүп, көл-өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси, “Туризм-Ат-Башы-2024” фото көргөзмөсү уюштурулду, агротуризм боюнча тигилген карагат көчөттөрү көргөзүлдү.. Иш-чара жаңы салынган Ат-Башы китепканасында жана Ача-Кайыңды айылындагы “Жел-Тегирмен” эс алуу жайында
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
