КР Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Өзбекстандын эл аралык “Термез” соода борборунда соода павильонун сатып алуу келишимине кол коюлду.
Экономика министрлигинен кабарлашкандай, тиешелүү келишимге Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана «Термез» ЭСБнын башкаруучу компаниясынын «Termez International Trade Centre» ЖЧКсынын өкүлдөрү кол коюшту.
Кыргызстан үчүн павильонду сатып алуу – бул Өзбекстан менен Ооганстандын рыногунда позицияларды бекемдөө, ата мекендик продукциянын экспортун кеңейтүү жана жаңы рынок менен түз байланыштарды түзүү үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк.
Ошондой эле,
Атамекендик ишкерлер үчүн Борбордук Азия регионунун экономикалык потенциалын пайдаланууга жаңы перспективаларды ачат.
Маалымдама: “Термез” ЭСБ – бул Борбор Азиядагы эң маанилүү соода жолдорунун кошулган жеринде жайгашкан негизги түйүн, ал аркылуу Өзбекстан менен Ооганстандын ортосунда товарлардын көлөмдүү агымы өтөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
