Бел боо күрөшү боюнча курама Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту - ИА Караван Инфо
Бел боо күрөшү боюнча курама Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргызстандын бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатында 14 медаль жеңди. Анын үчөө алтын, төртөө күмүш жана жетөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. 

Биринчилик Татарстандын Казань шаарында өткөн

Бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча Марлен Абдрасулов (68 кг) жана Азизхан Мусабек уулу (82 кг) өз салмагында Дүйнө чемпионаты болду. Ал эми Нурлан Садыраалы уулу (62 кг), Болотбек Туратов (90 кг) жана Бактияр Мирлан уулу (100 кг) күмүш медалга ээ болушту. Өмүрзак Мыктыбек уулу (82 кг), Баяман Мыктыбеков (100 кг), кыз-келиндер арасында Бегай Бейгенаалы кызы (58 кг), Аземи Камчыбекова (66 кг) жана Айжан Анарбекова (+76 кг) 3-орунду ээлешти.

Классикалык түрү боюнча 90 кг чейинки салмакта Манас Үсөнов өз салмагында Дүйнө чемпиону болду. Ал эми Роман Сапаров 62 кг чейники салмак категориясында күмүш медалга ээ болду. Байтемир Акылбек уулу (68 кг) жана Муктарбек Мунарбек уулу (90 кг) 3-орунду ээледи.

Курама команда машыктыруучулар Нурбек Кожобеков жана Тамчы Эсенбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: