Кыргызстандык “Качкын” тасмасы Азия дүйнөлүк кинофестивалына катышууда
Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясында тартылган режиссер Дастан Жапар Рыскелдинин “Качкын” тасмасы Лос-Анжелес шаарында 2024-жылдын 13-21-ноябрь күндөрүндө өтө турган X Азия дүйнөлүк кинофестивалына (Asian World Film Festival) катышат.
Тасма кинофестивалдын “Азиялык көз караш” (Asia Vision) категориясында “Эң мыкты тасма” наамы үчүн ат салышат.
Бул сынакка жалпы Азия чөлкөмүнөн 8 гана тасма тандалып алынган. “Качкын” тасмасынын дүйнөлүк бет ачары үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Пусан эл аралык кинофестивалында болуп өтүп, учурда Германия жана Индиядагы кинофестивалдарга дагы катышууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
