Базар-Коргон районунда “Жаңгак” фестивалы өттү - ИА Караван Инфо
Базар-Коргон районунда “Жаңгак” фестивалы өттү

Күн мурун, 12-ноябрда Базар-Коргон шаарынын Үсөн Сыдыков атындагы эс алуу багында “Жаңгак токою − жаштарга жашыл мурас” аталышындагы фестиваль өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик жана район тургундары катышты.

Алгач облус башчысы Базар-Коргон шаарынын борборук бөлүгүндө жайгашкан “Жаштар” жана “Үсөн Сыдыков” эс алуу багын толук реконструкциялоо багытында даярдалган долбоор менен таанышып, бир катар сунуш-пикирлерин билдирди. Ага катар борбордук аянттагы асыл тукум мал чарбачылыгы жана айыл чарбага багытындагы атайын жаңы техникаларды көрдү.

Ыйгарым укуктуу өкүл район аймактарынан алынып келинген мөмө жана жер-жемиштер, дан эгиндери, ошондой эле эт, кайра иштетүү багытында даярдалган азыктардын жарманкеси менен таанышып чыкты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус башчысы Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун тургундарын жаңгак фестивалынын өтүшү менен куттуктады.

Аталган демилгенин максаты, жаштар жана жергиликтүү калк арасында токойлордун уникалдуулугун жайылтуу, токой экосистемасын сактоо, жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу болуп саналаарын белгиледи. Ага катар жашоочуларды жаңгак жемишин Базар-Коргон районунун бренди катары таанытуу үчүн салым кошууга чакырды.

Фестивалдын соңунда аймактын туристтик потенциалы, учурдагы абалы жана көйгөйлөрүн талкууланган жыйын өттү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: