Кочкордогу төрт көчөгө асфальт төшөлдү - ИА Караван Инфо
Кочкордогу төрт көчөгө асфальт төшөлдү

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Ормон хан айыл аймагындагы Б. Бердалиев, Б. Молдокан, Орто-Сай, Москва көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери аяктады. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жалпы 3,4 км асфальт басылды.

Бүгүнкү күндө №955 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жол сызыктарын чийүү иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, эски автобекеттин айланасына асфальт басылып, жол сызыктары чийилди.

Белгилей кетсек, министр Абсаттар Сыргабаев үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бердалиев жана Молдокан көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерин текшерип, белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын койгон.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: