Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биринчи класстагы аба операциясын жүргүздү - ИА Караван Инфо
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биринчи класстагы аба операциясын жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абада жогорку ийгиликтүү ишке ашырды, бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев билдирди.

“Ми-8 МТВ-1 тик учагыбыз тышкы илинмеси менен 3750 метр бийиктиктеги Арстанбаптын жетүүгө кыйын болгон бийик тоолуу аймагына РПО РМТР үчүн салмагы 1 тонна болгон өндүрүштүк жабдууларды жеткирди.

Жогорку кесипкөйлүк менен ишке ашырылган бул операция авиациябыздын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Салмагы 4 тоннага чейинки жүктөрдү 5 миң метр бийиктикке жана өлкөнүн ар бир бурчуна жеткирүүгө мүмкүндүк жаралууда.

Бул татаал тапшырманы тажрыйбалуу экипаж командирлери С.Садыков, А.Ашимов, бортмеханик С.Абдралиев жеринде техникалык колдоону авиациялык кызматынан инженер Эсенгул уулу Досумбек камсыздады.

Өлкөбүздүн бардык аймактарында, анын ичинде бийик тоолуу жерлерде аткарылган мындай жеткирүүлөр мамлекетибиздин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейтилгенин билдирет», – деди ал.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: