Жалал-Абад облусу тогуз айда 417 миң тоннадан ашуун жаңгак экспорттоду
Ушул жылдын 9 айында Жалал-Абад облусунан 417 миң тоннадан ашуун жаңгак экспортко чыгарылган. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, андан 1 млрд 350 млн сомго жакын киреше түшкөн.
“Жалал-Абад облусунун аймагында 38 миң гектардан ашуун Кыргызстандагы чоң табигый түрдө өскөн жаңгак токтойлору орун алган. Алардын арасынан эң чоң аянт Базар-Коргон районунда жайгашкан”, – деп айтылат билдирүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
