Кыргызстан менен Чехия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды - ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Чехия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 13-ноябрда Чех Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Павел Шепеляк менен жолугушуу өткөрдү.

Талкууда Кыргызстан менен Чехия ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы, ошондой эле аны мындан ары чыңдоо жана активдештирүү келечеги каралды.

Тараптар кызматташтыктын негизги багыттарына көңүл буруп, конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн жана өз ара макулдашылган чечимдерди табуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушуунун соңунда катышуучулар достук жана өз ара сый мамилеге негизделген эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнү улантууга, өлкөлөр ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө даярдыгын ырасташты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: