Темирлан Султанбековду суракка алып кетишти
Социал-демократтар партиясын төрагасы Темирлан Султанбековду суракка алып келишти.
Бул тууралуу саясатчы өзү соцтармактар аркылуу кабарлады.
Учурда аталган партиянын штабында тинтүү болуп жатат.
Партия добуштарды сатып алууга айыпталууда, ал боюнча кылмыш иши козголду.
Эске салсак, Социал-демократтар саясий партиясы жергиликтүү кеңешке болгон шайлоого катышууда. Партия 11 шаарда мандат үчүн ат салышып жатат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
