Майрам күндөрү (6-10 ноябрь) республика боюнча жаныбарлар дүйнөсүн коргоо чөйрөсүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарын 26 бузуу аныкталган.
Бузуулардын катарына төмөнкүлөр кирет:
Региондор боюнча бузуулар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
Республика боюнча жыйынтык: 26 эреже бузуу айыппулдун жалпы суммасы 205 500 сомду түзүп, жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян 61 595 сомду түздү.
“Чындыгында, бир нече майрам күндөрү катталган 26 мыйзам бузуу көйгөйдүн курчтугун баса белгилейт. Эгерде мындай тенденция улана берсе, кийинки он жылдын ичинде жаратылыш ресурстары, анын ичинде жаныбарлар дүйнөсү бир топ кыскарышы мүмкүн. Бул, тилекке каршы, экосистеманын бузулушуна жана көптөгөн жаныбарлардын тукум курут болушуна алып келет. Аныкталган мыйзам бузуулар Көйгөйдүн кичинекей гана бөлүгү. Албетте, браконьерликтин жана мыйзам бузуунун дагы башка учурлары бар. Ресурстардын чектелгендигинен улам контролдоо үчүн ар бир бурчун камтуу мүмкүн эмес жана бардык эле укук бузуулар катталбай калат “, – деп белгиледи министрдин орун басары К. Касейинов
Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү, мисалы, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, ошондой эле аймактык башкармалыктар браконьерликти андан ары токтотуу үчүн рейддерди күчөтүүдө.
Министрлик эскертет: Эгер сиз жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жаатындагы мыйзам бузууларга күбө болсоңуз же мыйзамсыз аңчылык жана башка укук бузуулар жөнүндө билдиргиңиз келсе, Министрликтин — 108 ишеним телефонуна кайрылыңыз.
Ойлонууга убакыт келди: жаратылышты сактоо ар бирибиздин милдетибиз».
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
