Акыркы эки жылда Кыргызстанда жумушсуздуктун көрсөткүчү 14,7 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, акыркы жылдары жалпысынан алганда эмгек рыногунда кырдаал туруктуу болууда. Ошол эле учурда, бир катар көрсөткүчтөрдүн жакшырганы байкалып жатат.
“Расмий статистикалык маалыматка ылайык, акыркы эки жылда республика боюнча жумушсуздуктун саны 14,7 пайыз төмөндөдү (2022-ж. – 131,6 мин адам, 2023-ж. – 112,2 миң адам).
Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,8 проценттик пунктка төмөндөдү. Бул көрсөткүч 2022-жылы – 4,9 пайыз, 2023-жылы – 4,1 пайыз болгон.
Ал эми, расмий жумушсуздук денгээли 0,4 проценттик пунктка төмөндөдү: 2023-жылы – 2,5 пайызга, ушул жылдын 1-сентябрына карата 2,1 пайызга”, – дейт аталган министрлик.
Ошол эле учурда расмий жумушсуздуктун жогорку деңгээли Баткен (9,8 миң адам же болбосо 5,2%) жана Жалал-Абад (13,9 миң адам же болбосо 2,9%) облустарында байкалат. Ал эми төмөнкү деңгээл Бишкек шаарында (4,6 миң адам же болбосо 0,9%) жана Чүй облусунда (2,7 миң адам же болбосо 0,7%) катталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/