Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын лидери Динара Ашимова Баку шаарында өткөн Бириккен Улуттар уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык Конвенциясынын (КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышты.
Иш-чарада климатты каржылоо жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чаралары талкууланат.
Иш-чаранын алкагында фракция лидери Динара Ашимова “Климаттык мыйзамдар жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоодогу аялдардын ролу” аттуу баяндама жасап, өз ара тажрыйба алмашуу аянтчаларын түзүү аркылуу парламенттер аталган багытта тыгыз иш жүргүзө аларын жана көйгөйлөрдү чечүү багытында кызматташса болорун кошумчалады.
«Ага ылайык Кыргызстан бул иш-чараны кызматташтыкты кеңейтүүдө өзгөчө мааниге ээ деп эсептейт. Ошондой эле климат боюнча милдеттенмелерибизди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон климаттык каржылоого жетүү мүмкүнчүлүгү катары карайт», – деди депутат.
Муну менен катар Динара Ашимова “Кыргыз Республикасындагы климаттык иш-аракеттер жөнүндө” мыйзам долбоорун демилгелеп жатканын маалымдады. Эл өкүлүнүн айтымында аталган долбоор климаттагы өзгөрүүлөргө каршы эффективдүү иш-аракеттер үчүн мыйзамдык платформаны түзүүгө багытталганын, атап айтканда, көмүртектин калдыктарын аныктап, көзөмөлдөөгө арналган.
Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүн жана Бириккен Улуттар уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык Конвенциясынын (КӨАК) тараптарын биринчи кезекте Кыргызстанды климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун бир бөлүгү катары каржылоого чакырды. Эл өкүлү белгилегендей, мөңгүлөрдүн эрүү тобокелдиктери биринчи кезекте анын аймагында жайгашкан калдык сактоочу жайларга залакасын тийгизет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
