УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында баасы 111 млн. сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Тактап айтканда, 2008-жылы айрым кызмат адамдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун “Айкөл” конушундагы 350 орундуу башталгыч мектеп курууга арналган 0,62 га жер тилкесин жеке менчикке алып чыгууга көмөктөшкөндүгү аныкталды.
Белгилей кетсек, 2008-жылдан 2024-жылга чейин белгиленген жер тилкеси бир катар кайра каттоо жол-жоболорунан өтүп, акыркы жолу «К.Н.А.» аттуу жаранга кайра каттоо жүргүзүлгөн.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Учурда Бишкек шаарынын калктуу конуштарындагы социалдык жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
