Кыргызстан Европа менен БАнын “тез өнүгүп жаткан экономикаларынын” лидерлеринин катарына кирди - ИА Караван Инфо
Кыргызстан Европа менен БАнын “тез өнүгүп жаткан экономикаларынын” лидерлеринин катарына кирди

Дүйнөлүк банктын 2024-жылдагы ИДПнын реалдуу өсүү темпине берген баасы боюнча, Кыргызстан Европа менен Борбордук Азиянын “тез өнүгүп жаткан экономикаларынын” лидерлеринин катарына кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 14-ноябрындагы жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, 2023-жылга консолидацияланган бюджет эки жылда 2,5 эсеге көбөйүп, 577,2 млрд сомду түзгөн.

Салык кызматы 183 миллиард сом чогултуп, 2022-жылга салыштырмалуу 28,3 миллиард сомго көп болсо, бажы кызматынын чогултуусу 111,5 миллиард сомго жетип, 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 37,2 миллиард сомго көп.

«2024-жылдын бюджетине өтүүдөн мурун, 2024-жылдын 10 айынын макроэкономикалык маалыматтары боюнча өсүш 9,6%ды, ал эми «Кумтөрдү» эсепке албаганда 10,8%ды түзгөнүн белгилей кетейин. Дүйнөлүк банктын 2024-жылдагы ИДПнын реалдуу өсүү темпине берген баасы боюнча Кыргызстан Европа менен Борбордук Азиянын “тез өнүгүп жаткан экономикаларынын” лидерлеринин катарына кирет. Жайында өлкөбүзгө иш сапары менен келген БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Кыргызстан “уктап жаткан сулуудан” “тез күлүк атка” айланганын бекеринен айткан эмес. Биз 2024-жылы ИДПнын өсүшүн 9,2% консервативдик баа менен болжолдойбуз. 2023-жылы ИДП 1,3 триллион сомду түзүп тарыхый чектен ашты, ал эми быйыл 1,5 триллион сомду түзөт деп күтүп жатабыз. ИДПны жан башына бөлүштүрө турган болсок, 2020-жылы бул көрсөткүч 1,2 миң долларды түзсө, 2024-жылга чейин 2,5 миң доллардан ашат. Үч жылдын ичинде мындай көрсөткүчтөргө жетебиз дегенге эч ким ишенген эмес. 2024-жылы калктын жан башына бюджеттин кирешеси 671,2 долларды түзсө, 2020-жылы 301 долларды түзгөн, бул эки эсеге өскөндүгүн билдирет. 2021-жылы 239 доллар (20 249 сом) болгон орточо эмгек акы 2022-жылы 316 долларга (26 620 сом), 2023-жылы 376 долларга чейин жогорулап, быйыл 415 долларга (35 791 сом) жетиши болжолдонууда. Улуттук өнүгүүнүн алгылыктуу таасири калктын бардык катмарында байкалууда», – деди ал.
 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: