МСК "Дордой" жана "Тураталы эл базары" базарларында ЭТТК жана ЭЭФти колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү - ИА Караван Инфо
МСК "Дордой" жана "Тураталы эл базары" базарларында ЭТТК жана ЭЭФти колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Мамлекеттик салык кызматы “Дордой” жана “Тураталы эл базары” (Кара-Суу) базарларынын өкүлдөрүнө жана салык консультанттарына электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жана электрондук эсеп-фактураларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Семинарда Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери катышуучуларга “Дордой” жана “Тураталы эл базары” базарларынан сырткары соода жүргүзгөн ишкерлерге товарларды сатууда ЭТТК жана ЭЭФти милдеттүү түрдө тариздөөнүн талаптары жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле, аларды ЭТТК жана ЭЭФ системасынын иштери менен тааныштырып, бул документтерди туура тариздөөнүн тартибин кеңири түшүндүрүштү.

Мындан сырткары, жолугушууда “Дордой” жана “Тураталы эл базары” базарларында ЭТТК жана ЭЭФтин таризделбегендигинен улам, башка ишкерлер үчүн кыйынчылыктар болуп жаткандыгы белгиленди. Ушуга байланыштуу катышуучуларды бул системаларды колдонуу боюнча талаптарды сактоого чакырышты.

Эскерте кетсек, КР мыйзамдарына ылайык, “Дордой” жана “Тураталы эл базары” базарларында соода ишин жүргүзгөндөр, анын ичинде жеткирүүчүлөр жана дүң сатуучулар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жана электрондук эсеп-фактураларды тариздөөгө жана берүүгө милдеттүү.

Бул талаптар салык мамилелеринин ачык-айкындуулугун жогорулатууга, көмүскө экономиканы кыскартууга жана базардын бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. ЭТТК жана ЭЭФ товарларды легалдаштыруу жана салык милдеттенмелерин туура эсепке алуу үчүн керек.

Салык кызматы базарлардын өкүлдөрүнүн, өндүрүүчүлөрдүн, экспорттоочулардын жана ишкерлердин арасында салык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн түшүндүрүү жана окутуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүп турат. Бул жолугушуулардын алкагында ККМ, ЭТТК, ЭЭФти колдонуу жана “Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу онлайн салык кызматтарын алуу маселелери талкууланууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: