14-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Джамиля Исаеванын катышуусунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн айымдарынын диалогунун жыйынтыктоочу отурумдары башталды. Алсак, аталган форумга быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда. Анын алкагында Бишкекте буга чейин эки форум өткөрүлгөн.
Үчүнчү жыйынтыктоочу форум бүгүн “Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүчү инноватор аялдар” аталышындагы ЭКСПО менен башталды.
ЭКСПОнун алкагында кыргыз кыз-келиндери өздөрү жасаган кол эмгектерин көрсөтүштү. Мындан тышкары, кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык азык-түлүк үлгүлөрү да тартууланды.
Төраганын орун басары Джамиля Исаева мындай көргөзмөлөр аялдар арасында ишкерчиликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилеп, аталган багытта Борбор Азиядагы кыз-келиндердин тажрыйба алмашуусу маанилүү экенин кошумчалады.
Муну менен катар Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн айымдарынын диалогунун эртеңки жыйынында да жаратман кыз-келиндерди колдоого багытталган олуттуу маселелер талкууланарын эске салды.
Кошумчалай кетсек, кезектеги форумга катышуу үчүн Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын парламенттик делегациялары, эл аралык уюмдардын өкүлдөр чакырылган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
