2024-жылдын 1-октябрына карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жардамы менен 11,6 миң адам ишке орноштурулган. 2023-жылы 16,7 миң адам жумуш менен камсыз кылынган болчу.
Аталган министрликтин маалыматына караганда, эмгек рыногунда активдүү иш-чаралар (акы төлөнүүчү коомдук иштер, кесипке окутуу) менен 14,4 миң адам камтылган. Ал эми өткөн, 2023-жылы 21,1 миң адам.
Министрлик жумуш издеген жарандар үчүн “Иш менен камсыз кылуу” веб-порталы (www.zanayatost.kg) иштеп жатканын эскертет.
“Министрликтин негизги милдеттеринин бири жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. 2023-жылы Эмгек рыногунун маалымат системасына “Электрондук эмгек биржа” жана “Эмгек рыногуна талдоо” деген жаңы функциялар киргизилди. Колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн Google Play аркылуу жүктөп алууга мүмкүн болгон “zanyatost.kg” мобилдик тиркемеси ишке киргизилген.
Азыркы учурда республика боюнча 9 Кесиптик багыт берүү борбору иштеп жатат, алар кесип тандоодо сапаттуу кеп-кеңештерди көрсөтүп, өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө көмөктөшөт. 2024-жылдын 1-октябрына карата кесипке багыт берүү боюнча кеп кеңештерди 85,6 миң жумушсуз жарандар жана жаштар кеп кеңештерди алышкан”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, министрлик тарабынан жумушка орноштурууга жардам көрсөтүү жана иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу максатында Бирдиктүү Call-борбор (1899) ишке киргизилди, ал зарыл кадрларды издөө боюнча жардам көрсөтүүдө. Ал жерде жумуш издегендер бардык бош жумуш орундары боюнча кеңеш алса, иш берүүчүлөр телефон аркылуу же zanyatost.kg сайтында онлайн түрүндө бар болгон вакансия боюнча өтүнмө калтыра алышат. 2024-ж. 1-октябрына карата бирдиктүү маалыматтык борборуна жалпысынан ички эмгек рыногу боюнча – 3 855 кайрылуулар түштү
Аталган министрлик белгилегендей, 2024-жылдын 1-октябрына карата бош орундардын саны 19 965 бирдикти түзүп, анын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылган, ал эми 8 547 жумушчу орунга суроо-талап жоюлган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
