Кайың-Талаа айылында 60 жылдан кийин жаңы мектеп пайда болду - ИА Караван Инфо
Кайың-Талаа айылында 60 жылдан кийин жаңы мектеп пайда болду

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кайың-Талаа айылындагы К.Мамаев атындагы жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 175 млн сомду түздү.

Жаңы мектеп 275 окуучу орунга ылайыкталган типтүү, заманбап шарттар менен курулду.

Мектептин жалпы аянты 2005 чарчы метрди түзөт.

Мектептин эски имараты 1964-жылы ашар жолу менен курулган. Кийин 2015-жылы авариялык абалда деген чечим чыккан.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: