“Россия” Улуттук борбору 4-ноябрда Москвадагы Краснопресненская жээгиндеги мурдагы “Экспоцентрдин” аймагында ачылган. Президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен түзүлгөн долбоор өлкөнүн жетишкендиктерин туруктуу көрсөтүү жана мурда ВДНХДА жайгашкан “Россия” көргөзмөсүнүн экспонаттарын сактоо үчүн кызмат кылат.

Борбордун ачылышында 6-ноябрга чейин созула турган “Келечекти түзүү” эл аралык симпозиуму башталды. Симпозиумга Россия, Индия, Кытай, БАЭ, АКШ жана Франция сыяктуу 100дөн ашуун мамлекеттен келген окумуштуулар, футурологдор, жазуучулар жана бийлик өкүлдөрү катышууда.
Жаңы имараттын курулушу аяктаганга чейин экспонаттар 3, 4 жана 7-павильондордо жайгаштырылган, анда туруктуу жана убактылуу көргөзмөлөр залы, 1,6 миң орундуу чоң концерттик зал, 600 орундуу конгресс-зал, ишкер зона, лекциялык залдар жана улуттук ашканалардын тамактары бар фуд-корт жайгашкан. Ошондой эле борбордо “Универмаг” мейкиндиги жайгашкан, аянты 100 чарчы метр, анда элдик көркөм кол өнөрчүлүк буюмдары, косметика, аксессуарлар жана Россиянын региондорун алга жылдыруучу азык-түлүк продукцияларга басым жасалат.
“Россия” Улуттук борбору өлкөнүн маданиятын, өнөр жайын жана инновацияларын көрсөтүү үчүн туруктуу аянтча болуп калат.
Сүрөт: Кирилл Зыков / РИА Новости
