Ошто 225 орундуу жаңы мектеп ачылды - ИА Караван Инфо
Ошто 225 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта Ош шаарынын Мээркан айылында жаңыдан курулган Ч.Түлөбердиев атындагы мектептин ачылышы болду.

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жергиликтүү тургундарды аталган мектептин ачылышы менен куттуктап, курулушка көмөктөшкөн жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

Айта кетсек, жаңы салынган имарат 225 окуучу орунга ылайыкташкан. Билим берүү мекемесинде окуучулардын билим алуусу үчүн керектүү болгон бардык шарттар түзүлгөн.

Классттык бөлмөлөрдөн сырткары, спорттук аянттар, суу сактагыч, автономдуу жылуулук системасы бар.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: