КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен Кечао Текстиль шаарынын тышкы рынокко көмөктөшүү ассоциациясы (КЭР) кызматташтык келишимине кол коюшту. Бул тууралуу КР СӨПтүн басма сөз кызматы билдирет.
Кечао — 1 миллионго жакын калкы бар негизги текстиль борбору, алардын көпчүлүгү текстиль өндүрүшүндө иштешет. Шаарда беш минден ашык кездеме фабрикасы, 20 мин павильон, 15 мин соода борборлору бар. Анын өндүрүшүнүн негизги бөлүгү экспорттолот, бул Кечаонун дүйнөлүк текстиль өнөр жайындагы маанисин көрсөтүп турат.
Жыйындын жүрүшүндө палатанын жетекчиси Темир Сариев Кыргызстанда текстиль буюмдарынын көргөзмөсүн уюштурууну сунуштады. Мындан тышкары, Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен түз байланыш түзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн B2B форматында жолугушууларды өткөрүүнү сунуштады.
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Кечаодо кыргызстандык ишкерлер үчүн бизнес-турдун идеясын көтөрдү. Мындай турдун максаты өндүрүштүн масштабы жана технологиясы менен таанышуу гана эмес, Кыргызстандын текстиль өнөр жайын өнүктүрүүгө салым кошо турган эки тарапка тең пайдалуу келишимдерди түзүү болмокчу.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
