Душанбеде тоо-кен металлургия тармагына инвестиция салуу боюнча биринчи эл аралык форумдун алкагында эл аралык көргөзмө борборунда Тажикстандын өнөр жай «DUSHANBE EXPO CENTER» көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чара Тажикстан Республикасынын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги тарабынан уюштурулган.

Көргөзмөнүн максаты-өнөр жай секторун өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана Улуттук пландын төртүнчү стратегиялык максатына — өлкөнү тездетилген индустриялаштырууга жетишүү. Көргөзмө ата мекендик өнөр жай ишканаларынын продукцияларын көрсөтүүгө, чет мамлекеттер менен кызматташтыкты бекемдөөгө жана инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Көргөзмөнүн алкагында эл чарбасынын машина куруу, химия, текстиль, тоо-кен, курулуш материалдары, көмүр, маалыматтык технологиялар, энергетика, тамак-аш жана айыл чарба тармактарын камтыган адистештирилген бөлүмдөр уюштурулду. Коноктор ата мекендик ишканалар жана компаниялар тарабынан сунушталган продукциянын кеңири ассортименти менен тааныша алышты.
Мындай эл аралык көргөзмөлөрдү уюштуруу өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин өндүрүш ишканалары менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө, ошондой эле Тажикстандын өнөр жай продукцияларынын экспортунун ассортиментин жана көлөмүн көбөйтүүгө багытталган.
Көргөзмөнүн ачык аянтында Тажикстанда өндүрүлгөн жүргүнчү жана жүк ташуучу унаалар, аскер техникалары жана айыл чарба техникалары да көрсөтүлдү.
Сүрөт: Тажикстан Республикасынын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги
