Кыргызстанда 17-ноябрь, саат 08:00дө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо башталды.
Өлкө боюнчы 33 шаардык кеңешке партиялык тизме боюнча жалпы 4 миң 928 талапкер ат салышууда. Ал эми 231 айылдык кеңешке жалпы 10 миң 81 талапкер катталган.
Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылып, жаңы шайлоо дайындалган.
Реформага чейин 32 шаардык кеңеш, 452 айылдык кеңеш, жалпысынан 484 жергиликтүү кеңеш болсо, реформадан кийин 33 шаардык кеңеш жана 231 айылдык кеңеш, баш-аягы 264 жергиликтүү кеңеш түзүлүп, дээрлик 59%га кыскарган. Буга жараша мандаттардын да саны азайды.
Эскерте кетсек, бул шайлоо бир катар өзгөчөлүктөр менен өтүүдө. Анын ичинде Кыргызстанда биринчи жолу аралыктан добуш берүү ишке ашырылууда. Бул үчүн Кыргызстан боюнча 10 шайлоо тилкеси ачылды. Анын ичинен Бишкекте – 4, облустардын борборлорунда – 6. Аралыктан добуш берүүнү каалаган шайлоочулардын көпчүлүгү Бишкекте катталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
