Соцфонддун жетекчисине эмне үчүн иштегендер менен иштебегендердин пенсиясындагы айырма минималдуу деген суроо берилди - ИА Караван Инфо
Соцфонддун жетекчисине эмне үчүн иштегендер менен иштебегендердин пенсиясындагы айырма минималдуу деген суроо берилди

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду. 

Мыйзам долбоорлору тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев маалымат берди. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга такталган бюджети 110 млрд сомдон ашык суммада белгиленген. 2025-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети 117 млрд сомдон ашык суммада каралууда.

Талкуу учурунда депутат Камила Талиева баатыр энелердин пенсиясына үстөк акыны 1000 сомдон 5 миң сомго көтөрүү маселесин көтөрүп, парламенттин тиешелүү токтому аткарылбай жатканын эске салды. Ал Социалдык фонддун 2025-жылдагы бюджетинин 2 млрд сомдон ашык тартыштыгына көңүл бурду.

Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев экинчи окууга карата 2025-жылы Социалдык фонддун бюджетинин параметрлери өзгөртүлүп, 118 млн сом профицит каралып жатканын айтты.

Ал эми депутат Азамат Исираилов минималдуу айлык акысы бар жарандардын пенсия өлчөмүнө көңүл бурду. Депутат Дастан Бекешев эмгек акыны накталай эмес эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча маселе көтөрдү.  Ошондой эле ал Социалдык фонддун бюджетинин профицитинин суммасына кайрылды. Депутат Эмил Токтошев Социалдык фонддун депозиттик салымдары, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар субъекттердин саны тууралуу маселеге токтолду.

Бахтияр Алиев Социалдык фонддун каражаттары 14 коммерциялык банкка жайгаштырылганын айтты.

Депутат Айсаракан Абдибаева пенсия өлчөмүн жогорулатуу маселесин белгиледи. Депутат Надира Нарматова минималдуу пенсиянын өлчөмүн жогорулатууга көңүл буруп, бүгүнкү күндө өмүр бою бюджеттик чөйрөдө иштеген жарандар менен бир күн да иштебеген жарандардын пенсияларынын ортосундагы айырмадан улам ушундай жагдай түзүлгөнүн билдирди. Надира Нарматованын айтымында, бул маселеге көңүл буруу керек.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: