Ноокенде мамлекеттик администрациянын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду - ИА Караван Инфо
Ноокенде мамлекеттик администрациянын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызмат адамдары жалпы аянты 173,4 кв.м. түзгөн мамлекеттик мүлктү 36 жылга ижара акысынан бошотуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, бүгүнкү күндө ижарачы тарабынан бир сом төлөнбөй мамлекеттик мүлк коомдук ашкана катарында бекер пайдаланылып келингендиги аныкталган. Натыйжасында, мамлекетке 1 млн 441 миң 846 сом зыян келтирилген.

Жогорудагы факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, анын тергөөсү Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча Башкы башкармалыгына тапшырылды.

Учурда кылмыш иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: