18-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгилен бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоорлору боюнча саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат берди. ММК Фондунун 2024-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган параметрлери 20 млрд 108 млн 235 миң сомду түзөт. Министр белгилегендей, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджети 8 млрд 23 млн 976 миң сом өлчөмүндө каралган.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Камила Талиева Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгына көңүл буруп, анын ичинде Баткен облусунун Лейлек районунда гемодиализ кызматын уюштуруу маселесин көтөрдү. Депутат Айсаракан Абдибаева 2025-жылга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна республикалык бюджеттен бөлүнбөй калган каражаттарга кайрылды. Депутат Надира Нарматова бала бакчалардагы жана мектептердеги медициналык персоналдын штаттык бирдиги, аймактардагы гемодиализ кызматын уюштуруу маселесин айтты. Депутат Шарапаткан Мажитова онкологиялык ооруларды дарылоого жана медициналык дары-дармектерди сатып алууга каражат бөлүү маселесин белгиледи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
