ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди
2024-жылдын октябрында мурунку айга салыштырмалуу бардык ЕАЭБдин мүчө- өлкөлөрүндө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, Кыргызстанда баанын өсүшү (0,7 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарлардын жана алкоголсуз суусундуктардын (1,0 пайызга) бааларынын өсүшү менен шартталды.
2024-жылдын октябрында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (6,6 пайыз) Россияда жана Казахстанда катталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
