Нарын шаарынын 64 аймагына LED экрандар коюлат
Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана заманбап тейлөө көрсөтүү максатында шаардын 64 аймагына LED экрандар коюлат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 800 миң сомго сатылып алынган 2 тараптуу LED экрандардын бирин, узуну 5, туурасы 2 метрди түзгөн экранды жайгаштыруу үчүн атайын түркүгү даярдалып жатат.
“Экрандар коммерциялык багыттан тышкары маалымат таратуу үчүн да колдонулуп, шаарыбызга көрк берет”, деп айтылат билдирүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
