Соцфондго жыл башынан бери 10 миңге жакын кайрылуулар келип түшкөн - ИА Караван Инфо
Соцфондго жыл башынан бери 10 миңге жакын кайрылуулар келип түшкөн

Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь-октябрь айларында 9 миң 973 кайрылуу келип түшкөн.

Анын ичинде:

• жазуу түрүндө кайрылуулар – 414;

• ооз эки кайрылуулар – 1245;

• КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 124 жаран;

• “Кыргыз радио” эфир «Биринчи кабылдама” – 5;

• ишеним телефондор аркылуу – 4921;

• уюлдук ишеним телефону аркылуу – 3264.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:

1. пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;

2. мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;

3. пенсияларды индексациялоо тууралуу;

4. пенсияга укугу боюнча;

5. пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;

6. пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;

7. пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;

8. КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: