2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар шайлоо процессине даярдык кѳрүү жана өткөрүү деңгээлин жогору баалашты. Бул тууралуу алар КР БШКда өткөн брифингде билдиришти.
Мирвохид Азимов, Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Башкы катчысынын орун басары:
“Биз, ТМУнун байкоочулар миссиясы, шайлоо улуттук мыйзамдарга ылайык өттү деп билдиребиз. Биз олуттуу көйгөйлөрдү же мыйзам бузууларды тапкан жокпуз. Шайлоо процесси ачык, жеткиликтүү жана ишенимдүү болгонун белгилейбиз. Бул шайлоолор Кыргызстандын өнүгүшүндө жана гүлдөшүндө маанилүү кадам болоруна ишенебиз”.
Алиев Шайтдин Сардар, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:
“Биз Кыргызстандын жарандарына шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүнө күбө болдук: шайлоо комиссиялары Борбордук Азияда жок жаңы жабдуулар менен жабдылган, Таза, ачык жана ишенимдүү шайлоо өткөрүү үчүн талапкерлерге да, шайлоочуларга да бардык шарттар түзүлгөн. Бул Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жасалган чоң иш, биз сиздерди бул жетишкендик менен куттуктайбыз. Биз Кыргызстанды эл аралык стандарттарга жооп берген демократиялык жана ачык-айкын шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктайбыз.”
Юнусов Баходиржан Жалолдинович, Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:
«Биз жаңы технологиялардын кайра-кайра добуш берүүнүн, же «карусельдердин» алдын алууга кандайча жардам берерин байкадык. Биз бардык шайлоо участокторунда онлайн-трансляция жүргүзүлүп, жарандардын добуш берүү процесси кандай өтүп жатканын бардыгы көрүп жатканын кѳрдүк. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн компетенттүү жана кесипкөй ишин өзгөчө белгилеп кеткибиз келет”.
Эл аралык байкоочулар шайлоо күнү Бишкек жана Кант шаарларындагы шайлоо участокторун кыдырып, андан соң белгилүү бир жыйынтыкка келишкенин айтышты:
Эл аралык байкоочулар КР БШКга шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти жана демократиялык процесстерди чыңдоодо Кыргызстан менен кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 54 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткѳн.
Он өлкөнүн: Азербайжан, Беларусь, Грузия, Индия, Казакстан, Молдова, Монголия, Россия, Түркия жана Өзбекстан Борбордук шайлоо комиссиялары өз өкүлдөрүн жөнөтүштү. Байкоо жүргүзүүгө шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы (A-WEB), Ханс Зайдель фонду жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ощондой эле Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ), Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ), Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, ошондой эле Улуу Британиянын, Ирандын, Кытайдын, АКШнын, Швейцариянын, Россиянын жана Япониянын элчиликтери да катышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
