Кыргызстанда «PhytoKG» мамлекеттик маалымат тутуму пилоттук негизде ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы этапта долбоор Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин аймактык башкармалыктарынын адистери тарабынан бардык функцияларды тестирлөө үчүн пилоттук колдонуу режиминде ишке киргизилген жана 2025-жылдын 1-мартынан тартып өнөр жайлык эксплуатациялоо режимине киргизилет.
«PhytoKG» МТ Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен иштелип чыккан жана карантиндик фитосанитардык чаралар чөйрөсүндөгү процесстерди автоматташтырууга, тышкы экономикалык ишмердүүлүктө документтерди электрондук алмашууга өтүүгө багытталган.
Тутумдун негизги максаттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
Жайылтуу жыйынтыктары:
«PhytoKG» МТ фитосанитардык сертификациялоо жол-жоболорунун ачыктыгын, тездетилишин жана жөнөкөйлөштүрүлүшүн камсыздайт, ошондой эле өлкөнүн тышкы экономикалык ишмердигин чыңдоого мүмкүндүк берет. Тутум ошондой эле продукциянын фитосанитардык абалын контролдоо деңгээлин жогорулатат жана карантиндик объекттердин жайылуу коркунучун азайтат.
Министрлик Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин мамлекеттик «PhytoKG» маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Тутумдун техникалык оператору болуп «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси дайындалган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
