“Таджикаэронавигация” мамлекеттик унитардык ишканасы жана Кытай Эл Республикасынын Шинжаң районунун аба кыймылын башкаруунун аймактык бюросу жолугушуу Протоколуна жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Кол коюу Тажикстан Республикасы менен КЭРдин ортосунда Аба кыймылын башкаруу үчүн байланыш, навигация жана байкоо системалары (CNS/ATM) боюнча бешинчи координациялык жолугушуунун алкагында болуп өттү.

Документтерге “Таджикаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Лоик Бегиджонзода жана Кытайдын жарандык авиация башкармалыгынын аба кыймылын башкаруу бюросунун башкы директорунун орун басары миао Сюань кол коюшту. Кытай тараптан өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга Синьцзян аба кыймылын башкаруу аймактык бюросунун директору Лю Вэньци кол койду.
Меморандум “Таджикаэронавигация” менен Кытай бюросунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган. Документ аэронавигациялык тейлөө жана эки мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк үчүн негиз салды.
Макулдашууда аба кыймылын башкаруу, учууларды радиотехникалык камсыздоо, авиациялык метеорология, аба мейкиндигин башкаруу жана маалыматтык технологиялар жаатында өз ара тажрыйба жана маалымат алмашуу каралган. Документте ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу, учуулардын коопсуздугун жана сапатын башкаруу системаларынын алкагында ички аудиттерди жүргүзүү, ошондой эле аба кыймылын тейлөөнүн биргелешкен маршруттарын өнүктүрүү жөнүндө пункттар камтылган. Меморандумдун негизги аспектилеринин бири Душанбе жана Үрүмчү аба кыймылын башкаруу борборлорунун ортосунда аба кемелеринин кыймылы жөнүндө маалымат алмашууну макулдашуу болду.
(CNS/ATM) бешинчи координациялык жолугушуусу Үрүмчү шаарында өттү. Тараптар алтынчы жолугушуу Тажикстан Республикасынын аймагында өтөөрүн макулдашышты.
Сүрөт: “Таджикаэронавигация”мамлекеттик ишканасы
