Бишкекте кыргыз-россиялык ТИМден аралык саясий консультациялар өттү - ИА Караван Инфо
Бишкекте кыргыз-россиялык ТИМден аралык саясий консультациялар өттү

Бишкекте 19-ноябрда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары А. Исаевдин  жана Россиянын тышкы иштер министринин орун басары М. Галузиндин төрагалыктарында кыргыз-россиялык тышкы иштер министрликтер аралык саясий консультациялар өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

Консультациялардын жүрүшүндө саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар жогорку жана бийик деңгээлдеги боло турган жолугушуулардын жана сапарлардын календардык планын карап чыгышты, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга Кызматташтык программасын макулдашышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: