2024-жылдын январь-октябрында өнөр жай ишканалары тарабынан жалпы суммасы 453,5 млрд сомго дүң продукция өндүрүлдү, өндүрүштүн көлөмү 2023жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,3% га көбөйдү (2023-жылдын январьоктябрында 1,8% га өсүш байкалды). Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.
2024-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө эң чоң үлүшкө ээ болгон кайра иштетүү өндүрүшүндө (78 %) продукция көлөмү 353,6 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 105,0 % түздү.
Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүүнүн көлөмүн 1,8 эсеге, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишти – 32,0% га, тамак – аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарын – 22,0% га, фармацевтикалык продукцияны – 16,6% га, текстиль өндүрүшүндө, кийим өндүрүүдө – 14,0% га, ошондой эле резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын – 9,3% га көбөйүшү менен камсыз кылынды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
