Кыргызстандыктардын кирешеси 24%га өстү - Статком - ИА Караван Инфо
Кыргызстандыктардын кирешеси 24%га өстү - Статком

2024-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 458 млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24%га өстү.

Керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 2024-жылдын I жарым жылдыгында жалпысынан республика боюнча 435,6 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 18%га өстү.   

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын жан башына карата колдо болгон акчалай кирешелери 2024-жылдын I жарым жылдыгында айына 11 095,4 сомду түзүп жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 20,3% көбөйдү. Кирешелердин эң чоң үлүшү  (70,7%) эмгек ишмердигинен алынган кирешелерге туура келди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: