Жакынкы аралыкта жол тармагын тейлөөгө 1,2 миң даана атайын жаңы техника тапшырылат - ИА Караван Инфо
Жакынкы аралыкта жол тармагын тейлөөгө 1,2 миң даана атайын жаңы техника тапшырылат

Жакынкы аралыкта жол тармагын тейлөөгө 1,2 миң даана атайын жаңы техника тапшырылат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Ал өлкө жетекчиси менен аталган маселе боюнча сүйлөшкөнүн айтты.

“Ошол келе турган заманбап техникалардын 750сү Жол фондуна түшкөн каражаттын эсебинен алынууда. Мындан тышкары, фонддун жардамы менен 2027-жылдан тарта бардык айылдагы жолдорго, ал тургай жайлоолорго кеткен каттамдардын баарына асфальт төшөлөт. Бул үчүн бюджеттен акча бөлүнбөйт, бүткүл жолду оңдоо иштери Жол фондунун эсебинен аткарылат”, – деди Шакиев.

Эскерте кетсек, 2022-жылы жол тармагын өнүктүрүү жана ага керектүү каржылык базаны чыңдоо багытында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында Жол фонду түзүлгөн. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: