Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен италиялык Todini Costruzioni Generali S.P.A компаниясынын ортосунда энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Аталган документке энергетика министри Таалайбек Ибраев жана аталган компаниясынын башкы директору Джан Марко Мартини кол коюшту.
Меморандумдун максаты — Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен кызматташуунун форматын талкуулоо үчүн жолугушууларды өткөрүү, энергетика тармагындагы кызматташтыкты терендетүү жана биргеликте долбоорлорду ишке ашырууга багыттылган. Ошол эле учурда италиялык тарап үчүн алгылыктуулардын бири концессия экени баса белгиленди.
Эки тараптуу жолугушууга КРнын энергетика министри Т.Ибраев, энергетика миинистринин орун басары Н. Садыков, «Todini Costruzioni Generali S.P.A» компаниясынын башкы директору Джан Марко, Башкармалыктын Төрагасы -Жузеппе Мартини, Юридикалык консультант- Даниеле Манка Битти/ Daniele Manca Bitti , кенешчи- Мауро Мурджиа/ Mauro Murgia жана тийиштүү кызматкерлер катышты.
Маалыматка ылайык, компания 1987-жылдын 30-сентябрында негизделип, 1996-жылдын 19-февралында Рим Соода-өнөр жай палатасында катталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
