Бишкектеги 7-Апрель көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги жол ачылды
Бишкекте Чүй проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишиндеги жол унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда саат 02:30да Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде жылуулук тармактын түтүгү жарылган.
Ишкананын кызматкерлери окуя болгон жерге тез арада барып, жарылган жерде оңдоо иштери дароо башталган. Бул иштер шаар тургундарынын үйлөрүнүн жылуулугун өчүрбөстөн аткарылды.
Адистер бир сутканын ичинде жарылган түтүктүн бөлүгүн алмаштырып, казылган жерди толтуруп, жолдун үстүн калыбына келтирип, жаңы асфальт төшөдү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
