Акылбек Жапаров ЕРӨБдүн БА боюнча башкаруучу директору менен жолукту - ИА Караван Инфо
Акылбек Жапаров ЕРӨБдүн БА боюнча башкаруучу директору менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө экономика, тоо-кен, каржы жана инвестиция тармактарында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

Анда Акылбек Жапаров энергетика, транспорт жана ирригация тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн маанилүү фактор экенин айтып, колдоо көрсөтүү жана каржылоо боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын тажрыйбасын эске алуу менен кызматташуунун алкагында ири көлөмдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайыктуулугун билдирди. 

Өз кезегинде ЕРӨБдүн Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан, Кыргыз Республикасы менен болгон жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, азыркы учурда ЕРӨБ 10 долбоордун алкагында иш алып барып жатканын билдирди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: