Бишкекте Трансплантация жана диализ борборунун курулушу башталды
Бишкекте бүгүн, 20-ноябрда Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Министр Бишкекте мындай борбордун түзүлүшү турмуштук маанилүү медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн гана жакшыртпастан, Кыргызстанда бөйрөк жана боор ооруларын диагностикалоо жана дарылоо деңгээлин жаңы деңгээлге чыгара турганын баса белгиледи.
Борбордун ишке кириши өнөкөт бөйрөк жана боор оорулары менен ооруган бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртат, ошондой эле саламаттыкты сактоо системасынын потенциалын чыңдоого олуттуу салым болот.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
