Баткен шаарынын Чет-Булак жана Кызыл-Жол аймактык башкармалыктарында базар баасынан арзан көмүр сатылууда.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, БР маркасындагы көмүр 8 сом 50 тыйындан сатылууда.
“Буга чейин да мэрия менен көмур кендеринин түз келишиминин натыйжасында 60 тонна көмүр алынып келинип, базар баасынан арзан сатылган”, – деп айтылат маалыматта.
Баткен шаарынын мэриясы, шаар калкын көмүр менен камсыздоо максатында Сүлүктү шаарындагы төрт көмүр кени менен келишим түзгөн. Муктаждыкка жараша, көмүр дагы ташылып келинет.
Белгилей кетсек, шаардагы социалдык жактан муктаж болгон 100 үй-бүлөгө, кышка карата жылуулук үчүн, 2000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин мэрия жана жалпы жеке ишкерлер тарабынан 2650 тонна көмүр ташылып, сатылган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
