МКУ менен “Дос-Кредобанк” кызматташтык жөнүндө меморандум түзүштү - ИА Караван Инфо
МКУ менен “Дос-Кредобанк” кызматташтык жөнүндө меморандум түзүштү

2024-жылдын 20-ноябрында эки ири мамлекеттик оператор – “Дос-Кредобанк” ААК менен “Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму” ААК Кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Компаниялар ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен продукттар менен кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу кол коюлган документтин негизги максаты болуп саналат. Банктын санариптик платформасына камсыздандыруу полистерин интеграциялоо пландаштырылууда, мунун өзү камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн жарандар үчүн бир кыйла ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

Макулдашуу Кыргызстандын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду киргизүүгө жол ачат. Негизги көңүл турак жайды жана автожарандык жоопкерчииликти (ОСАГО) камсыздандырууга бурулган. Алардын актуалдуулугу жаратылыш кырсыктарынын жана башка тобокелдиктердин шарттарында бир кыйла өстү.

“Дос-Кредобанк” ААК Башкармалыгынын төрайымы Чолпон Молдалиевна Эшбердиева:

“Бул кызматташтык бөтөнчө продукттарды түзүүгө мүмкүндүк берет, алар биздин турмушубузду коопсуз жана ыңгайлуу кылат”, – деп белгиледи.

“Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму” ААК Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков:

“Биз Дос-Кредобанк менен өнөктөштүктүн башталышына сыймыктанабыз. Биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз заманбап камсыздандыруу чечимдерин иштеп чыгууга багытталган, алар ар бир жаранга пайдалуу болот”, – деп айтты.

Компаниялар өз ара кызматташуу экономиканы өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизип, Кыргызстандын жарандарын сапаттуу тейлөөнү камсыздайт деп ишеним артышат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: