“Кепилдик фонд” ААКсынын кеңсесинде 20-ноябрда 9001:2015 шайкештик сертификатын расмий тапшыруу болуп өттү.
9001:2015 эл аралык стандарт сертификаты “Кепилдик фонд” ААКсынын башкармасынын төрагасы М. Абакировго Cert International s.r.o. компаниянын аудитору А. Кичигин тапшырды.
Документ “Ишкердик субъекттерине жеке жана портфелдик кепилдиктерди берүү”жаатында сертификациялык жол-жоболордун алкагында аткарылган аудиттин жыйынтыктарынын негизинде берилген.
Эскерте кетсек, ушул жылдын октябрь айынын башында Кепилдик фонд ISO 9001 эл аралык стандарттарына ылайык сертификациялык аудитти ийгиликтүү аяктаганын жарыялаган.
“Биз «Кепилдик фонд» ААКсы сапат менеджменти системасын ишке киргизген жана 9001 сертификат алган өлкөдөгү биринчи финансылык уюмдардын бири болгонуна сыймыктанабыз. Аудиторлор команданын кесипкөйлүгүн жана жетекчилердин компетенттүүлүгүн, ошондой эле кызматкерлердин өз милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаруусун бөлүп көрсөтүштү”, – деди Абакиров.
Өз кезегинде Cert International s.r.o. компаниянын аудитору А. Кичигин «Кепилдик фонд» ААКсынын системасы эл аралык стандарттын талаптарына толук жооп берерин баса белгиледи.
Сертификат уюмдун мыйзам ченемдерин, ички регламенттерди сактагандыгын жана кардарлардын кызыкчылыктарына багытталгандыгын тастыктайт.
Маалымдама: ISO 9001 шайкештик сертификаты – эксперттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча берилген жана уюмдун сапат менеджменти системасы ISO 9001 эл аралык стандартына жооп берерин тастыктаган документ.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/